Бишкек: Окуучулар үчүн “Жарандык коргонуу күнү” өттү

Бүгүн, Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу» күнүнүн алкагында №73 орто мектебинде, №93 Кесиптик лицейинин жана №18 Кесиптик лицейинин студентерине «Жарандык коргонуу күнү» өткөрүлдү.
Эвакуациялоо ыкмалары, ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери, өрт коопсуздугу тууралуу жана ӨКМдин “112” кызматы жөнүндө нускамалар өткөрүлүп ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.
Жалпысынан иш-чарага 2655 окуучу жана 81 мугалим катышты.