Бишкек – Ош унаа жолунда 13 жерден атайылап кар көчкү түшүрүлдү

Республиканын бийик тоолуу райондорунда катуу жааган жаандын кесепетинен жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138 жана Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайынын 198-255-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралган.

Табигый кырсыктын алдын алуу максатында, ӨКМдин ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби 12-марттан бери кооптуу делген 13 тилкеден атайылап снаряд атып, жалпысынан 20 кар көчкү түшүрүлдү.

Атайылап карды түшүрүү 5 күн ичинде Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайынын 198-255-чакырымдарында жүргүзүлүп, жалпысынан 701 250 м3 көлөмдөгү кар көчкү түшүрүлгөн.

Атайылап кар көчкү түшүрүү иши эртең да уланып, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымынын түндүк жана түштүк тарабында жүрөт.

Ал эми түшүрүлгөн карды дароо жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө

ЖАРАНДАРДЫН ЭСИНЕ!

Атайылап карды түшүрүү ишин түшүнүү менен кабыл алып, алыскы жолго чыгуу алдында унааңызда дөнгөлөк чынжыры, жылуу кийим, дары-дармек, жетиштүү тамак-аш алууну унутпаңыз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине кайрылыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.