Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
КР ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын берген маалыматына ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде кар күрткүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүүдө.
Жол жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругуна ылайык тиешелүү Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2023-жылдын 16-мартынан 21-мартына чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Чүй облусундагы 132, 135 жана 198, Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайындагы 209-255-чакырымдарында иш-чара жүргүзүлөрү мерчемделген.
Учурда аталган жолдун белгиленген чакырымдарында маал- маалы менен чектөөлөр киргизилип тургандыктан абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.
Кырсык катталган учурда жана унаа жолдогу абал боюнча “112” бирдиктүү номерине байланышыңыз. Байланыш күнү-түнү акысыз иштейт.