Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

01.12.2022
❗️ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
БИШКЕК – ОШ УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ ЖАНА КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛӨТ
2022-жылдын 1-декабрынан 2-декабрына чейин жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
❗️Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл!
❗️Урматтуу жүргүнчүлөр жана айдоочу!
Алыскы жолго чыгууда төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
🔻Унааны техникалык кароодон өткөрүп жана дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырыныз;
🔻Унаада күрөк, чынчырча, медициналык куту (аптечка);
🔻Дары-дармек;
🔻Тез бузулуп кетпөөчү азык болушу зарыл;
🚨УНАА ЖОЛДОГУ АБАЛ ЖАНА КЫРСЫК КАТТАЛГАН УЧУРДА 112 НОМЕРИНЕ ЧАЛЫҢЫЗ. ЧАЛУУ АКЫСЫЗ, КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТЕЙТ.
“112 бирдиктүү номери” өзүнө:
101 – өрт күткаруу;
103 – медициналык тез жарадам;
102 – Милиция;
166 – Куткаруучулар;
104 –Авариялык газ кызматын камтыйт.
❗️Сиз бир эле чалууну аткаруу менен керектүү кызматтарды чакыра аласыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР