Бишкек – Ош унаа жолунда карды атайын түшүрүү иштери жүрүүдө

2022-жылдын 29-мартынан 4-апрелине чейин Бишкек – Ош жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолдорунда атайлап кар көчкүлөрдү түшүрүү иши жүрөт.

Республиканын бийик тоолуу райондорунда метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунун 1-14 чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралгандыктан, артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүлөрү мажбурлап түшүрүлөт.

Мындай иш-чаралар жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында, атайын токтомдун негизинде ишке ашып келет.

КР ӨКМине караштуу Кыргызгидрометтин кар көчкү коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкери жана КРнын Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби иш алып барууда.

Урматтуу жүргүнчүлөр, атайлап карды түшүрүү иш-чарасын түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.

Ошондой эле алыскы жолго чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, дөңгөлөк чынжыры, күрөк, трос, дары-дармек, жетиштүү тамак-аш алганды унутпаңыз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз