Бишкек-Ош унаа жолунда мажбурлап кар көчкү түшүрүлөт

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ❗️
БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНДА МАЖБУРЛАП КАР КӨЧКҮ ТҮШҮРҮЛӨТ
КР ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын берген
маалыматына ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ага ылайык жол жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, адам өлүмүнө жол бербөө, материадык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги жана тиешелүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2023-жылдын 16-мартынан 21-мартына чейин Бишкек-Ош унаа жолунун төмөнкү чакырымдарында артиллериялык жабдыктарды колдонуу менен кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иши жүргүзүлөт.
– «Бишкек-Ош» унаа жолунун 132-135- чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району – «Төө-Ашуу» ашуусу );
– «Бишкек-Ош» унаа жолунун 198-чакырымы Чүй облусунун Жайыл району;
– «Бишкек-Ош» унаа жолунун 209- 255-чакырымы (Жалал-Абад облусунун Токтогул району – «Ала-Бел» ашуусу.
Урматтуу жүргүнчүлөр, аталган жолдун чакырымдарында маал- маалы менен чектөөлөр киргизилип тургандыктан абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.
Кырсык катталган учурда жана унаа жолдогу абал боюнча “112” бирдиктүү номерине байланышыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.