Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа күйдү

25-ноябрь күнү саат 18:54 чамасында Токтогул району, Чычкан капчыгайында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 242-243 чакырымында “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана 15 тонна өсүмдүк майы толугу менен  күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 20:07 өрт чектөөгө алынып толук 00:35 өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.