Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жол тыгыны жаралды

Бишкек-Ош унаа жолунун 420-чакырымында Беке-Чал тилкесинде чиркегичи бар “MAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жараткан.

Саат 09:00 унаалар өтө албай, жол тыгынын пайда болуп, 500дөн ашуун унаа токтоп тургандыгы туралуулуу маалымат түшкөн. Кырдаалды жоюуу максатында КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ иш алып барышууда. Ошондой эле 1 бирдик автокран жана №30 ЖТИден 1 бирдик автожүктөгүч тартылып, оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылды.

Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат.

Жабыркагандар жок