Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында 180000м3 кар көчкү түштү
БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНУН 231-ЧАКЫРЫМЫНДА 180000м3 КАР КӨЧКҮ ТҮШТҮ
Жалал-Абад облусу, Токтогул району. Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында жалпы көлөмү 180000м3 кар көчкү түшүп, анын ичинен унаа жолго 14400м3 кар көчкү түшкөн. Учурда унаа жолу жабык. КР ӨКМнен 13 куткаруучу, 1 Камаз, 1 АКУ, жол тейлөө ишканаларынан 5 жүктөгүч, ИИМ жана медицина кызматы иш алып барууда.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постунда жана Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” постунда унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилип, “Арал” постунда 300гө жакын жеңил унаа жана 100гө жакын оор жүк ташуучу унаа, “Сосновка” постунда 75 оор жүк ташуучу унаа жана 52 жеңил унаа кезек күтүп турат. КР ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан жылынуучу жайлар уюштурулуп, “Арал” постунда 150, ал эми “Сосновка” постунда 80 адамга тамак-аш берилди.
Кошумча маалымат берилет.

