Бишкек: Өрт өчүрүүчүлөр үчүн атайын машыгуу өттү

БИШКЕК: ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН АТАЙЫН МАШЫГУУ ӨТТҮ
КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын негизги иш-чаралар мерчемине ылайык, газ жана түтүндөн коргоо кызматында өрт өчүрүүчүлөр үчүн атайын машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун максаты- өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин уюштурууда өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
📌Маалымат үчүн: Газдан жана түтүндөн коргоо кызматы (ГТКК) —адамдарды куткаруу жана дем алууга мүмкүн эмес чөйрөдө өрт өчүрүү иштерин жүргүзүү үчүн уюштурулган атайын кызмат.