Бишкек: Өрт кырсыгынын алдын алуу иш-чарасы өттү

Кечээ, 19-апрелде Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн куткаруучулары «ОБЕРОН» базарынын жетекчилиги менен практикалык машыгууларды өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды тажрыйба жүзүндө колдонуу, ошондой эле сатуучулар, соода кылууга келген коноктор менен «Баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттардын түрлөрү жана аларды базардын аймагында колдонуу» деген аталышта нускамалар өткөрүлдү.