Бишкек: Өрт тилкесиндеги психологиялык машыгуу өттү
Өрт тилкесиндеги психологиялык машыгуу – бул өрт учурундагы реалдуу шарттарга мүмкүн болушунча жакын болгон объектилердин жана тоскоолдуктардын комплекси.
Бүгүн, №3 өрт-куткаруу бөлүгүнүн базасында ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн атайын машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун максаты өрт өчүрүүчү-куткаруучуларды ар кандай татаалдыктагы өрткө, ошондой эле экстремалдык кырдаалдарга даярдоо, өрт өчүрүүчүнүн даярдыгынын деңгээлин аныктоого жардам берет.
Мындай машыгуулар өрт өчүрүүчүлөрдүн тобокелдиктерге жана коркунучтарга эмоционалдык туруктуулугун, ошондой эле өзүн-өзү кармай билүү, чечкиндүүлүк, кайраттуулук, чыдамкайлык жана өрт менен күрөшүүдө зарыл болгон башка сапаттарды калыптандыруу үчүн зарыл.