Бишкек: Өрт толук өчүрүлдү

Бүгүн Октябрь районуна караштуу Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө жалпы 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
Саат 16:17 өрт чектөөгө алынып, толук саат 18:18 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен турак үйдүн короосунда жайгашкан чакан унаа оңдоочу жай жана тигүүчү цехтин 500 ч.м. аянты күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдар такталууда.
Өрттөн жабыркагандар жок.