Бишкек: өрт толук өчүрүлдү
Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлгөн.
Эскерте кетсек жалпы өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган.
Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.