Бишкек: Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды

Октябрь районун Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 4 өрт өчүрүүчү бөлүм, ККББдан ыкчам топ, 1 автошаты жана Штаб тартылган.

Өрт саат 16:11де чектөөгө алынып, 18:03 өрт толук өчүрүлдү.

Өрттүн аянты болжол менен 700 ч.м. күйгөн жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Жабыркагандар жок!