Бишкек: Өрттөн бир жаран жабыркады

Биринчи-Май районуна караштуу Патриса Лумумбы жана Белек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан желимдөөчү жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен, 40 жаштагы И.Я.Ч. атуу жаран колунан күйүк алып, тез арада ооруканага жеткирилген. Маалыматка ылайык, ал аталган жайда кароолчу болуп иштеп келген.

Жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү саат 05:11де өрттү чектөөгө алып, 07:08де толук өчүрүп үлгүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 40 ч.м болгон жыгач устундуу шифер жана темир менен жабылган контейнердин, курулуш вагондун чатыры күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.