Бишкек: Куткаруучулар батирден жансыз денени табышты

Куткаруучулар 4-кичирайондо жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Октябрь району, эшик ачылганда аялдын сөөгү табылган (М.Р. 1943-ж.)

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.