Бишкек: «Түндүк электр» ишкананын аймагында атайын сабактар өткөрүлдү

Өрт-тактикалык машыгууларды өткөрүү планына ылайык, 13-сентябрда КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Биринчи Май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери атайын машыгуу өткөрүштү.
Иш-чара «Түндүк электр» ААКнын аймагында болуп өттү, анда «101 же 112 номерлери боюнча өрткө каршы кызматты чакыруу жана билдирүү» темасы боюнча окуу суроолору иштелип чыкты.
Ишкананын кызматкерлери өрт коопсуздугунун эрежелери, ошондой эле алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу эрежелери менен тааныштырылды.
Жалпы 80 кызматкер катышты.