ӨКМ жаңылыктары Бишкек: Таштанды таштоочу жайда өрт катталды 3-апрель күнү Бишкектин Биринчи Май районундагы айланма жолдо таштанды таштоочу жайдан өрт чыккандыгы кабарланган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен 150 чарчы метр таштанды жана 40 тонналык темир контейнер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР PDF Button 04.04.2023 Бекболот Сарыбаев