Бишкек: Турак үйдө чыккан өрт саат 11:45 те чектөөгө алынды

Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:19дан тарта жалпы КР ӨКМнин 4 бөлүм, ККББдан ыкчам тобу жана Штаб тартылды.
Маалыматка ылайык, турак үйдөн артында жеке менчик бала бакча жайгашып, өрттүн жалыны ага өткөн эмес. Өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, жалпы аянты 200чарчы метрди түзөт. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Бактыга жараша жабыркагандар жок.