Бишкек: Турак үйдүн чатырынан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарында турак үйдүн чатырынан чыккан өрт саат 20:23тө толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты 150чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы К.Э аттуу кыз иске ууланып, 11 жаштагы Н.Т аттуу кыз көзүнөн жаракат алган. Учурда жабыркагандар ӨКМдин куткаруучулары тарабынан тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, бүгүн ордо калаанын Биринчи Май районунун Серпуховская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу чалуу түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:58де ӨКМдин Ленин райондук ӨККБдан 2 бөлүм тартылып, саат 18:46да чектөөгө алынган. Ал эми толук түрдө өрт саат 20:23тө өчүрүлдү.