Бишкек: Турак үйдүн чатырынан чыккан өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды

Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун Серпуховская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:58де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1, кошумча саат 18:09да 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Учурда тилсиз жоо 18:46да чектөөгө алынып, толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Өрттүн жалпы аянты, келтирилген чыгым боюнча кошумча маалымат берилет.