Бишкек: Турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:19дан тарта жалпы КР ӨКМнин 4 бөлүм, ККББдан ыкчам тобу жана Штаб тартылды.
Маалыматка ылайык, өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан жеке менчик бала бакчанын чатырына өтүп, күйгөн. Жалпы аянты 200чарчы метрди түзөт. Тилсиз жоо саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 12:45те толук өчүрүлдү. Бактыга жараша жабыркагандар жок.


