Бишкек: Турак үйдөн өрт чыгып, үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды

Бүгүн, түнкү саат 00:47 чамасында Ленин районуна караштуу Челюскин көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Аянты 70 ч. м. болгон турак үй толугу менен жана жанаша жайгашкан турак үйдүн 4 ч.м. пластик менен жабылган чатыры күйгөн.

Өрт саат 01:20да чектөөгө алынып, толук 02:50дө өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдар такталууда.

Возможно, это изображение 1 человек