Бишкек: Улуттук Филармониянын кызматкерлери менен атайын машыгуу өттү

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жумушчу курам менен командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.
Машыгууларда адамдарды эвакуациялоо, өрттү өчүрүү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыкты.
Машыгууну ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрүштү.
Иш-чарага жалпы 150 адам катышты.