Бишкек: Өздүк курам аттестациядан өтүштү

Бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин атайын буйругунун негизинде Бишкек шаардык башкармалыгынын, Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери, өрт өчүрүүчү-куткаруучулук бөлүктөрдө кызмат өтөгөндөр аттестациялоодон өткөрүлдү.

Аттестациянын негизги максаты – өздүк курмадын күжүрмөн даярдыгын көтөрүү, билим деңгээлин текшерүү жана ишмердүүлүгү боюнча алдына коюлган максатын атакарууга багыт берүү.

Бүгүнкү дене тарбиялык иш-чаранын жыйынтыгы менен өздүк курамдагы адистерден кандай кемчилик, мүчүлүштүк кеткенин далилдеп, аны жоюу тапшырмалары берилет.

Өткөн 2021-жылы атайын өздүк курам аттестациялоодон өткөрүлгөн. Ал эми ошол учурда жүйөлүү себептер менен аттестациялоодон өтпөй калган өрт өчүрүүчүлөрдүн, куткаруучулардын өздүк курамынын айрым мүчөлөрү бүгүнкү иш-чарада сыноодон өтүп жатышат.

Аттестацияда теория жана практика жүзүндө сыналышат. Тактап айтканда өздүк курам өрт өчүрүүдөгү элементтерди бекитилген нормативге ылайык аткаруу жана дене тарбия багытында тапшырышты.

<iframe src=”https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fmchs.gov.kg%2Fvideos%2F794521308582376%2F&show_text=false&width=560&t=0″ width=”560″ height=”314″ style=”border:none;overflow:hidden” scrolling=”no” frameborder=”0″ allowfullscreen=”true” allow=”autoplay; clipboard-write; encrypted-media; picture-in-picture; web-share” allowFullScreen=”true”></iframe>