Бишкек: Жаңы курулуп жаткан турак үйдөн өрт чыгып,7 техника тартылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Манас проспектиси менен М.Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык өрткө каршы бөлүмдөрдөн 7 техника тартылды. Ошондой эле суу ташуучу унаа жана ШТАБ, 45 куткаручуу, иштеп жатышат. Алар тилсиз жоону чектөөгө алышып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө..
Кошумча маалымат берилет.