Бишкек: ӨКМдин кызматкерлери Жарандык коргонуу боюнча окутуудан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген Өзгөчө кырдаалдар министрилигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2022-жылга Комплектөө планынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн аскер кызматкерлери менен Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму боюнча окуу мерчемделген.
Буга ылайык ӨКМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлерине окутуу өткөрүлүп, жалпы 15 кызматкер катышты.
Сабакты ӨКМге караштуу ЖКАДжКД Борборунун кызматкерлери уюштурушту.