Бишкек: ” Жарандык коргонуу күнү” өттү

13-сентябрда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери №4 мектеп-гимназиясында “Жарандык коргонуу күнүн” өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эвакуациялоо ыкмалары, ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.
Анын ичинде “Эвакуация” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.
Жалпы иш-чарага 800 окуучу жана 10 мугалим катышты.