Бишкек: Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен командалык штабдык машыгуу өткөрүлдү
Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу органдары менен командалык штабдык машыгуулар “Коркунуч жана табигый өзгөчө кырдаал (жер титирөө) келип чыккан учурда жарандык коргонуу органдарынын иш-аракеттери” деген темада белгиленди..
Аталган машыгуулар 2022-жылдын 24-ноябрында шаардын Жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык өткөрүлдү.
Штабдык машыгуу табигый өзгөчө кырдаал коркунучу болгон учурда чараларды ишке ашыруу, жер титирөө жана анын экинчи даражадагы таасир этүүчү факторлору болгон учурда авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди уюштуруу боюнча маселелерди ырааттуу иштеп чыгуу аткарылды.
Ошондой эле калкты коопсуз аймактарга көчүрүү жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча практикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.