Бишкек: Жеңил унаа толугу менен күйдү
Бүгүн таңкы саат 05:28де Ленин районунун Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда “Ниссан-Микро” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №4 өрткө каршы куткаруу бөлүмү ыкчам тартылып, өрттү чектөөгө алуу менен саат 06:05те толук өчүрүшкөн
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.