БИШКЕК: Жылуулук өткөрүүчү түтүктөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Маалымат боюнча, Свердлов районунун А.Үсөнбаев жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук өткөрүүчү түтүктө (теплотрасса) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин алып чыгышкан.
Учурда укук коргоо кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн тактоо жана андан аркы ишти иликтөөдө.