Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматка ылайык аталган жайдын 1-кабатында дүкөн, 2-кабатында тигүүчү кичи ишкана (цех) жайгашкан. Өрт Имараттын чатыры жана 2-кабаттагы цехти каптап, болжол менен 200чарчы метр аянты өрттөнгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:39дан тарта Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм, Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 17:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.


