Бишкекте курулуш бүтө элек көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда КР ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнүн ыкчам аракетинен улам саат 21:44тө тилсиз жоо чектөөгө алынып, өрт толук түрдө саат 23:45те өчүрүлдү.
Борбор калаабыздын чок ортосунда салынып жаткан 14 кабаттуу үйдөн чыккан тилсиз жоо менен күрөшүүгө 45 куткаручуу , 7 бөлүк тартылды. Кабат үйдүн эң үстүндө 30дан ашуун өрт өчүрүүчүлөр иштешүүдө. 14-кабатта курулуш материалдары тилсиз жоонун кучагында калган.
Кошумча маалымат берилет.