Бишкекте куткаруучулар улгайган жаранга жардам көрсөтүштү
Куткаруучулар 25-ноябрь күнү Биринчи Май районунун Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлердин биринде бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшикти ачкан кезде батирдин ичинде 1936-ж.т. А.Г. аттуу аял киши жыгылып өз алдынча тура албай калгандыгы аныкталган.
Куткаруучулар жабыркаган аялды керебетке жаткырып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылган. |