Бишкекте өрт тактикалык окуутулар өткөрүлдү
Бүгүн Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан «Алкан базар» жана «Аламүдүн базары» кызматкерлерине өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Өрт-тактикалык окуунун жүрүшүндө базар кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрткө каршы гидранттардын жарактуулугу да текшерилди.
Иш-чарага жалпы 43 адам катышты.