Бишкектеги өрт өчүрүүчү гидранттар 2ГИС тиркемесине киргизилди

Жалпы Республика боюнча өрт өчүрүүчү гидранттардын саны 7865ти түзөт. Бишкек шаарында жайгашкан 2124 гидрант бүгүнкү күндө 2ГИС системасына киргизилди. Алдыда Ош шаарындагы жана Чүй облусундагы, андан кийин башка региондордогу өрт өчүрүүчү гидранттарды 2ГИС платформасына киргизүүнүн үстүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.