Бишкектен эвакуацияланган мекендештердин акыркылары Баткенге кайтышты
Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрына карата Бишкек шаарынан жалпы 39 кичи автобус менен 827 жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 аскер кызматкеринин коштосуу менен Баткенге жол алышты.
Борбор калаадагы К. Уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 27-29-сентябрга чейин Баткенден эвакуацияланган жарандарды чогултуп, алар үчүн мэриянын транспорт департаменти тарабынан кичи автобустар даярдалган. Ал эми унааларга кетүүчү күйүүчү майды толугу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыздады. Ошондой эле министрликтин кызматкерлери жарандарды тосуп алуу менен аларды бөлүштүрүп,
Баткенге чейин коштоп кетишти.
Жалпы үч күн аралыгында Бишкектен 75 кичи автобус менен 1645 жаран Баткендеги туруктуу үйлөрүнө кайтышты. Бул иш баштан аяк ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Эрнест Жусуповдун жетекчилигинде жүргүзүлүп, башкармалыктын 40тан ашуун кызматкери тартылган.