Бишкекте кампа күйүп, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылды

19.10.2022
❗БИШКЕКТЕ КАМПА КҮЙҮП, ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 5 БӨЛҮМ ТАРТЫЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар катталган жок. Болжол менен өрттүн аянты 550 чарчы метрди түзөт.
19-ноябрды караган түнү Бишкектин Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан ири өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жерине саат 02:57ден тарта ӨКМдин Октябрь, Свердлов, Биринчи май райондук ӨККБдан жалпы 5 бөлүм, ошондой эле Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, 1 автошаты тартылып, тилсиз жоо саат 06:14дө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР