“Биздин добуш” коомдук фонду кийимдер топтомун өрт өчүрүүчүлөргө берди
“БИЗДИН ДОБУШ” КООМДУК ФОНДУ КИЙИМДЕР ТОПТОМУН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕРДИ
Бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн “Биздин добуш” коомдук фондусунун директору Айнура Ормонова баштаган өкүлдөрүн кабыл алды.
Министр Бообек Ажикеев жолугушуунун жүрүшүндө техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн куткаруу дегеле, материалдык жана маданий баалуулуктарга зыян келтирген тобокелдиктерди кыскартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан сырткары ал өрт кырсыктарына, анын келип чыгуу себептерине, республика аймагындагы өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттерине токтолуп, коомдук фонд тарабынан берилип жаткан өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийимдерине жана компьютерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде Айнура Ормонова ӨКМ менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, республиканын алыскы айылдарында ыктыярчы өрт өчүрүүчүлөр кошуунун түзүү зарылдыгын сунуштады. Мындан сырткары “Биздин добуш” коомдук фондунун демилгеси менен өрт кырсыгында кийиле турган кийимдердин топтомун жана 24 компьютер жардам катары берди.
Аталган күжүрмөн кийимдер ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн районунун өрт өчүрүүчү бөлүгүнө тапшырылды.