Биздин каарман: Түйшүктүү кесип – түгөнбөгөн ырахат тартуулайт

Адамдын өмүрүндө анын оордугуна, түйшүгүнө, жарыбаган айлыгына карабай тагдыр жолуңда тандап,  ошо менен жашап, жашооңдун маңызы болуп калган кесиптер бар. Балким бул адамдын өзүнөндүр…  Балким мындай кесиптердин өзүнүн башкалар билбеген, сезбеген жагы бардыр.Турсунбек Казыбек уулу дал ушундай жолду тандаган. Өмүрү кылдын учунда экенин билсе да , куткаруучулук кесипти туу тутуп, ардактап келет.

Бала кезинен башкаларга кол сунуп  жардам берүүнү кыялданып, ошол максатына жетүүгө бел байлаган. Өзүнүн айтымында, бул кыял жан дүйнөсүндө тынчтык бербей, тез эле чоңоюп куткаруучу болууну самайт.

Казыбек уулу Турсунбек 1990-жылы Нарындын Жаңы –Тилек айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктап, окуу жайды бүткөн соң 2010-жылы самаган бийиктиги, эңсеген кесипти аркалоого киришет.Ошентип ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде  өрт өчүрүүчү-куткаруучу катары эмгектенип баштайт.

️Ооба, айтканга оңой болгон менен темирдей бекем тартип менен өзүн эмес, өзгөнүн өмүрү үчүн жоопкерчилик алып,  дайыма жанын жай алууга мүкүнчүлүк болбогон, тынчы жок түйшүктүү жумуш жигитти болушунча кыйнады.

Ысык от менен алышты, жакынын жоготкон адамдын жан кейиткен ыйын,  кайгысын көрдү, жон териси менен түмөн түйшүк тартты.

  • Билсеңиз мунун баары жигиттин  кыялын,  каалоосун, демин сууткан жок. Ал ого бетер кайраттанды.

Менин жардамым кимдир-бирөөнүн  өмүрүн сактап калат турбайбы деп ого бетер өзүнө-өзү сыймыктана маашыркана иштеп баштаган

Турсунбек өз кесибин тереңден окуп, тажрыйбасын жогорулатуу максатында 2012-жылы  Россиядагы  Санкт-Петербург шаарындагы өрткө каршы окуу жайына тапшырып, аны 2017-жылы игиликтүү аяктап мекенине кызматын улантуу үчүн кайтып келген.Учурда Бишкек шаардык  башкармалыгынын Свердлов райондук ӨКБнүн №2 ӨККБнын башчысы, улук лейтенант.

Каарманыбыздын жашоосуна гүлдөй жайнап, күндөй жылуулук алып келген анын жубайы Айдай болду.

  • Жубайы менен алгач таанышкан күнүн эч качан унутпайт.  2017-жылдын апрель айында  Айдай аттуу кыз практикасын өтөө үчүн келет. Бир караган көзгө кичипейил, жөнөкөй,  башкалардан айырмаланбагандай эле сезилет.

Ошентип  арадан 1-2 ай өткөндөн кийин кайра кезигип калышат. Жакшылап абай салып караса, күткөн, издеп жүргөн адамы дал ушул көздөрүнөн нур чачырап, балалык баёо сезимдери менен өз ишин так аткарып жүргөн Айдай экенин дароо түшүнөт.Ошол күндөн баштап каарманыбыз өз бактысын колдон чыгарбоого аракетин жасап, соңунда баш кошушуп, учурда бирге түтүн буулатып, 2 кызды тарбиялап  келе жаткандарына  5 жыл болду.

Возможно, это изображение (2 человека и ребенок)

Возможно, это изображение (8 человек и люди стоят)

Возможно, это изображение (1 человек и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (5 человек и люди стоят)

Возможно, это изображение (11 человек, люди стоят и военная форма)

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и военная форма)