“BMW” үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толук күйгөн

Бүгүн түнкү саат 03:47 Ысык-Ата районунун, Кеңеш айылында Ленин көчөсүндө “BMW” үлгүсүндөгү унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү №4 ӨКБдан саат 04:01 чектөөгө алып, толук 04:12 толук өчүрүштү.

❗Өрттүн кесепетинен унаа толук күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жабыркагандар жок.