Боом капчыгайында автоматтык метеорологиялык станциялар орнотулууда

БООМ КАПЧЫГАЙЫНДА АВТОМАТТЫК МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯЛАР ОРНОТУЛУУДА
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаменти жана “Кыргызстандагы Интернет Коому” (ISOC) биргеликте илимий долбоордун алкагында метеорологиялык параметрлердин негизинде Боом капчыгайындагы сел жүрүү кооптуулугун болжолдоо үчүн автоматтык метеостанцияларды жана кошумча сенсорлорду орнотуу иштери жүрүүдө.
Боом капчыгайынын орографиялык өзгөчөлүгүнө жана геологиялык түзүлүш шартына байланыштуу катуу жааган жаандан улам ички кокту-колоттордон пайда болгон сел суулары темир жана унаа жолдоруна түшүү кооптуулугу жаралып келет. Буга байланыштуу климаттын өзгөрүү шарттарында станциядагы метеопараметрлердин негизинде алынган белгилүү аймакка тиешелүү (локалдуу) маалымат алуу өзгөчө актуалдуу болууда.
Учурда Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаменти “Кыргызстандагы Интернет коому” (ISOC) менен биргеликте инновациялык изилдөө долбоорунун алкагында кооптуу табигый процесстер болуу коркунучу бар аймактарда маалыматтарды “LoRaWAN” протоколу аркылуу берүүнү камсыздай турган эки автоматтык метеостанция орнотулууда.
Станциялар жана кошумча датчиктер Боом капчыгайында Кыз-Күйө жана Көк-Мойнок айылдарына жакын жерлерге орнотулуп, автоматтык метеостанциялар жана кошумча датчиктер температура, нымдуулук, басым жана жаан-чачындар сыяктуу метеорологиялык көрсөткүчтөрдү так жана системалуу түрдө баалоого, көзөмөлдөөгө ошондой эле алардын селдин пайда болуу процесстерине тийгизген таасирин тереңирээк изилдөөгө мүмкүндүк берет.
Жогоруда аталган станцияларды жана кошумча датчиктерди орнотуу иши аяктаса, аба ырайынын параметрлерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү менен өз учурунда чечимдерди кабыл алууга үчүн так маалыматтарды алууга, сел процесстеринин пайда болуусуна тийгизген таасирин тереңирээк изилдөөгө мүмкүндүк берет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.