Боомдогу Көк-Мойнок айылында өрт толук өчүрүлдү

БООМДОГУ КӨК-МОЙНОК АЙЫЛЫНДА ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ
25-март күнү, Көк-Мойнок 2 айылындагы ачык аянтта экинчи ирет тутанган өрт саат 15:11де чектөөгө алынып, 17:05те толук өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча өрт 4 тилкеде чыгып, жалпы 1гектардан ашык аянтты каптаган.
Учурда жеринде түнү менен өрт кырсыгын алдын алуу жана кайра келип чыгуусуна жол бербөө максатында 3 күжүрмөн эсеп менен өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турушат.
Белгилей кетсек Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында бүгүн саат 11:20 чамасында кайрадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1, Тоң райондук №38 ӨКБдан 1, жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана 44 куткаруучу тартылган.
Ошондой эле аймактагы өрт кырсыгын көзөмөлдөө максатында ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу атайы унаа менен иш алып барды. Мындан сырткары 3 авариялык куткаруу унаасы, 3 мотопомпа, Токой чарбасынан 30 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 33 адам, Тоң райондук РИИБден 22 кызматкер, Коргоо министирлигинин аскер бөлүгүнөн 38 аскер кызматкери жалпы 140 адам өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүштү.
Эске салсак кече күнү 24-мартта аталган айылдагы ачык аянттын ар кайсы тилкесинде өрт чыгып, кечки саат 21:30да толук өчүрүлгөн болчу. Тилсиз жоонун жалпы аянты 5гектарга жетип 2 сарай, 1 үйдүн дубалы күйгөн. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.