Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү

БООМДОГУ “КЕРБЕН” ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙЫНЫН ЖАНЫНДА ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ
24-март күнү, саат 12:55те Ысык-Көл облусунун Тоң району
Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 14:10дө өрт чектөөгө алынып, саат 15:10дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн.