Борбор калаада чыккан өрт өчүрүлдү

❗БОРБОР КАЛААДА ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарында жайгашкан 2 кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 19:04тө толук өчүрүлдү.
Маалым болгондой борбор калаанын Свердлов районунун Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2 кабаттуу имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Имараттын 1-кабатында дүкөн, ал эми 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Өрт имараттын чатырын жана 2-кабатын каптаган.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:37ден тарта ӨКМден жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 17:37де чектөөгө алынган. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.