Бош кызмат орундарына сынак жарыяланат
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт
I.Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: юриспруденция, техникалык илимдер.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:
-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө
-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы»;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 “Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 225 “Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө жана эмгекти коргоо ишин уюштуруу тууралуу” типтүү Жобосу;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобосу;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосу.
3.2.Билгичтиги:
-эмгекти коргоонун талаптарын сактоону камсыз кылуу;
-эмгек шарттары жөнүндө, өндүрүштүк жаракат алуулар, кесиптик ооруга чалдыгуулар тууралуу жана алардын материалдык кесепеттери жөнүндө тиешелүү отчеттуулукту уюштуруу;
-методикалык документтерди билүү;
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-эмгекти коргоо жаатындагы иш-аракеттерди координациялоо;
-аналитикалык жана стратегиялык документерди иштеп чыгуу..
II.кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна :
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт
Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:
-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө
-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар::
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосун, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосун.
3.2.Билгичтиги:
-курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүнүн методикалык жана ченемдик актыларын билүү;
-курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүнүн жоболорун билүү.
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
-чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгү.
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
III.Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:
-Жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
-Паспорттун көчүрмөсүн;
-Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын 2-декабрына чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Ош шаары, Г.Айтиев к.,10,тел.0552 112912