Ботаникалык бакчанын аймагында чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Октябрь районуна  караштуу  А.Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча аянты  1 га болгон  куураган чөп жана бактардын дүмүрү  күйгөн.

Маалым болгондой бүгүн  аталган аймакта өрт чыгып, жерине саат 19:35те Октябрь райондук N5 ӨККБдан 1 бөлүм тартылып, саат 20:19да өрт чектөөгө алынган. Тилсиз жоодон жабыркагандар катталган жок.