ЧҮЙ: 69 жаштагы жаран куткаруучулар тарабынан изделүүдө
ЧҮЙ: 69 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КУТКАРУУЧУЛАР ТАРАБЫНАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Аламүдүн районунун Мурас-Ордо конушунун тургуну, 1953-ж.туулган А.А. аттуу аял киши 23-январь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес. Бул тууралуу анын туугандары 102 кызматына кабарлап, жардам көрсөтүүнү өтүнүшкөн.
24-январь күнү аталган жарандын кийимдери Калыс-Ордо конушундагы айланма унаа жол менен ЧЧК (БЧК) көпүрөнүн астынан табылган.
Маалыматка ылайык, кече жеринде КР ӨКМдин 4 куткаруучусу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган болсо, бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында, Аламүдүн райондук №1 ӨКБнын 4 куткаруучусу тарабынан издөө иши уланууда