Чүй: Агын суу үйлөрдү каптады
ЧҮЙ: АГЫН СУУ ҮЙЛӨРДҮ КАПТАДЫ
Панфилов районунун Ортоевский айыл аймагына караштуу Тельман айылынын жогорку тарабында каналдагы суу шыргалаң музга айланган. Мындагы суу өз нугунан чыгып, 4 үйдүн короосун жана унаа өтүүчү жолду каптаган.
Жерине райондук №2 ӨКБдан 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20, айыл өкмөтүнөн 1 экскаватор тазалоо иштерине тартылган.
Учурда тоңуп калган музду талкалап,тазалап сууну өз нугуна буруу иштери жүрүп атат.

